УКМК жасалма документтер менен чет элдик жаранды кармады


УКМК Кыргыз Республикасынын жасалма документтерин, паспортун жана айдоочулук күбөлүгүн пайдаланган чет мамлекеттин жаранын кармады.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин 2-бөлүгүндө («Билип туруп жасалма расмий документти пайдалануу») каралган кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, аталган жаран тарабынан жасалган башка мүмкүн болгон кылмыштарды аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Кармалган жаран КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ага карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды.