Орусия менен Азербайжан AZAL авиакомпаниясынын учагы кырсыкка учурагандан кийинки кесепеттерди, анын ичинде кенемте төлөө маселесин «тийиштүү түрдө жөнгө салууга» макул болушту. Бул тууралуу эки өлкөнүн тышкы иштер мекемелеринин биргелешкен билдирүүсүндө айтылды. Маалыматтарга караганда, мындай макулдашуу 2025-жылдын 9-октябрында Душанбеде өткөн жогорку деңгээлдеги жолугушуулардан кийин бекемделген.
Билдирүүдө авиакырсыкка Орусиянын аба мейкиндигинде абадан коргонуу системасынын байкабастан иштеп кетиши себеп болгону да көрсөтүлгөн. Сөз 2024-жылдын 25-декабрында Бакудан Грозныйга учуп бара жаткан Azerbaijan Airlines компаниясынын Embraer 190 учагы тууралуу болуп жатат. Ал Казакстандын Актау шаарына жакын жерде кыйрап, борттогу 67 адамдын 29у аман калган. Аман калгандардын арасында үч кыргызстандык жаран болгон.

