Түркиядан этил спиртинин ири партиясын мыйзамсыз алып кирүүгө бөгөт коюлду


Мамлекеттик бажы кызматы Түркиядан этил спиртинин ири партиясын мыйзамсыз алып кирүү аракетин аныктады. МБКнын маалыматына ылайык, 27-мартта «Кант» убактылуу сактоо кампасына «ГКМ» ЖЧКсынын дарегине жүк ташуучу унаа келген, ал эми документтерде сумка аксессуарлары, атайын техниканын тетиктери, пластик буюмдар, көшөгө үчүн товарлар жана парфюмерия көрсөтүлгөн.

Бирок бажылык кароо маалында жалпы көлөмү 2 миң 373 литр болгон декларацияланбаган суюктук толтурулган канистрлер табылган. Thermo Fisher аркылуу жүргүзүлгөн текшерүү анын 96 пайыздык этил спирти экенин көрсөткөн, кийин муну экспертиза да тастыктады. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, товарлар менен документтер кармалды.