Бишкекте үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү талкууланды


КРнын Пробация департаментинде үй-бүлөлүк зомбулукка каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу кеңешме өттү. Ага Бишкек шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева, Башкы прокуратуранын, ИИМдин, Эмгек министрлигинин жана борбор калаа мэриясынын өкүлдөрү катышты.

Жолугушууда кайрадан укук бузууга жол бербөө жана укук бузуучулардын жүрүм-турумун өзгөртүү үчүн колдонулуп жаткан коррекциялык программалар тууралуу маалымат берилди. Катышуучулар үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, кризистик кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана мамлекеттик органдардын биргелешкен ишин күчөтүү маселелерин да талкуулашты.