Тез арада тиешелүү адистердин катышуусунда консилиумдар өткөрүлүп, аралыктан консультациялар уюштурулган. Санитардык авиация линиясы аркылуу Ош шаарынан, андан соң Бишкектен нейрохирургдар жана анестезиолог-реаниматологдордон турган адистештирилген медициналык бригадалар жөнөтүлгөн. Бейтапка зарыл болгон хирургиялык операциялар жасалган. Саламаттыкты сактоо министри Дамир Осмонов медициналык жардам көрсөтүү процессин жеке көзөмөлүнө алган. Министрдин жана министрдин дарылоо иштери боюнча орун басарынын катышуусунда бир нече жолу онлайн-консилиумдар өткөрүлдү.
Ушул убакка чейин бейтаптын абалы өтө оор болуп, өпкөнү жасалма дем алдыруу аппаратында тургандыктан, аны ташуу мүмкүн эмес болчу. Абалы турукташкандан кийин Бишкекке ташуу камсыз кылынды. Учурда бейтап интенсивдүү терапияны толук көлөмдө алууну улантууда. Дарыгерлер анын өмүрүн сактап калуу үчүн бардык зарыл чараларды көрүп жатышат.

