Казакстандын маданият министрлиги акын 84 жашында дүйнө салганын билдирди. Ал эмгек жолун 1961-жылы баштап, мезгилдүү басылмаларда эмгектенген. 1989-жылдан тарта СССРдин эл депутаты, ал эми 1991-жылы казак парламентинин депутаты болгон.
1993-жылдан тартып Казакстандын Кыргызстандагы элчиси кызматын аркалап, ошол мезгилде ага Кыргыз эл акыны наамы берилген. 2004-жылдан кийин Мажилистин депутаты болуп иштеген.
Ал казак элине эле эмес, кыргыз элине да таанымал инсан эле. Кыргыздын үлкөн жазуучусу Чыңгыз Айтматов менен калемдеш, сырдаш жан достордон болгон.

