Сокулукта жетекчисин бычактаган киши кармалды


Милициянын айтымында, 1-майда ооруканага бычактан бир нече жаракат алган киши түшкөн.

Көрсө, Сокулуктагы ишканалардын биринде директору менен кол алдындагы кишинин ортосунда жаңжал чыккан. Уруш учурунда шектүү жетекчисине бир нече жолу бычак сайып, качып кеткен.

“Бейбаштык” беренеси боюнча иш козголуп, 50 жаштагы шектүү камакка алынган.