6-майга карата аба ырайы


Бүгүн өлкөнүн көпчүлүк аймагында күн ачык болуп, жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Нарын, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда жамгыр жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар түшүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +22…+27, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +23…+28, Ысык-Көлдө +16…+21, Нарын аймагында +19…+24 градус болот.
Термометр Бишкекте +25…+27, Ош калаасында +24…+26 градусту көрсөтөт.