Бүгүн өлкө аймагынын басымдуу бөлүгүндө өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.
Ал эми Жалал-Абад, Баткен облустарында күн ачык болуп, жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +28…+33, Таласта +28…+30, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +29…+34, Ысык-Көлдө +19…+24, Нарында +22…+27 градуска жетет.
Бишкек +30…+32, Ош калаасы +32…+34 градуска ысыйт.

