Президент Садыр Жапаров 7-майда Чолпон-Атадагы «Көгүлтүр Ысык-Көл» санаторийинин 60 жылдыгына жана жаңы корпусунун ачылышына арналган иш-чарага катышты. Мамлекет башчысынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жаңы үч кабаттуу корпус 97 орунга ылайыкталган, анда бассейн жана термалдык булактар каралган.
Жапаров туризмди жана санаторий-курорт тармагын өнүктүрүү өлкө үчүн артыкчылыктуу багыттардын бири экенин белгиледи. Анын айтымында, «Ысык-Ата», «Жети-Өгүз» санаторийлеринде, «Жыргалан» курортунда жана «Улан» балдардын ден соолугун чыңдоо борборунда да модернизация иштери жүрүүдө.

