Ысык-Көлдөгү «Жомок» каньону туристтердин көптүгүнөн улам бузулууда


Кыргызстандын эң белгилүү жаратылыш объекттеринин бири болгон Ысык-Көлдөгү «Жомок» каньону туристтердин агымынын өсүшүнөн улам акырындап бузулуп жатат.

Бийлик каньонду андан ары деградацияга учуроодон (бузулуудан) сактап калуу үчүн анын аймагындагы туристтик ишмердүүлүктү чектөөнү пландаштырууда. Туристтердин активдүүлүгүн каньондун төмөнкү бөлүгүнө көчүрүү мүмкүнчүлүгү да четке кагылбайт.