Илон Маск Францияда X социалдык тармагынын иши боюнча камакка алынышы мүмкүн


Франциянын укук коргоо органдары X (мурдагы Twitter) социалдык тармагына каршы жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыгы менен анын ээси Илон Маскты камакка алуу ордерин бериши мүмкүн.

Франция бийлиги Х платформасын экстремизмге көмөктөшүү, «адамзатка каршы кылмыштарды четке кагуу» жана балдардын порнографиясын сактоо боюнча айыптоодо.

Франциянын прокуратурасы X социалдык тармагына карата кылмыш ишин 2025-жылдын июль айында козгогон. Ал эми үстүбүздөгү жылдын февраль айында платформанын Франциядагы кеңсесинде тинтүү иштери жүргөн. Март айында Илон Маск суракка чакырылганы менен, ал келген эмес. АКШнын Юстиция министрлиги Францияга бул иликтөөнү жүргүзүүдө жардам берүүдөн баш тартты.