Жогорку сот Өмүрбек Бакировду актоо чечимин чыгарды


Жогорку сот Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Бакировду актоо чечимин чыгарды.

2023-жылы декабрда Ноокат райондук соту Өмүрбек Бакировду “2021-жылдагы Жогорку Кенешке шайлоодо добуш сатып алган” деген айып боюнча күнөөлүү деп таап, 200 миң сом айып пул салган. Ош облустук соту 2024-жылдын март айында чечимди күчүндө калтырган.

БШК 2023-жылы 26-августта Өмүрбек Бакировду депутаттык мандатынан мөөнөтүнөн мурда ажыратып, күбөлүгүн жокко чыгарган.