Бишкекте чет элдик жаранды өлтүрүүгө шектелген эки кыргызстандык Таиланддан кармалды


ИИМдин маалыматына ылайык, шектүүлөр мурда Интерпол аркылуу издөөдө жүргөн.

Эске салсак, апрелде Арчалы айылында чет элдик жарандын сөөгү табылган. Милиция буга байланыштуу төрт шектүүнү, анын ичинде маркум менен чогуу жашаган аялды да кармаган.