19-майга карата аба ырайы


Шейшемби күнү өлкө аймагында жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +22…+27, Таласта +19…+24, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +26…+31, Ысык-Көлдө +19…+24, Нарын регионунда +20…+25 градус ысыйт.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +23…+25, Ош калаасында +26…+28 градуска жетет.