Курман айт 27-майда өтө турганын муфтият билдирди.
Маалыматта андан бир күн мурун арапа болору айтылат.
КМДБ учурда айт намаз аянтта окулар-окулбасы чечилип жатканын кабарлады.
Курман айт — исламдагы эң негизги майрамдардын бири. Ал орозо аяктагандан кийин 70 күндөн соң белгиленет. Бул күнү айт намазы окулуп, курмандык чалынат.

