20-майга карата аба ырайы


20-май, шаршембиде, айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +22…+27, Талас аймагында +20…+25, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +26…+31, Ысык-Көл өрөөнүндө +16…+21, Нарын аймагында +17…+22 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +23…+25, Ош шаарында +26…+31 градуска чейин көтөрүлүп, ала булут каптап турат. Күндүз жамгыр жаашынын ыктымалдуулугу төмөн.