Бишкек шаарында 21–23-май күндөрү 30дан ашык мектеп онлайн-окутууга өтөт.
Бишкек шаардык билим берүү департаменти бул чечимди мектептерде Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) экинчи этабы өтүп жатканы менен түшүндүрдү.
ЖРТ 17–23-май аралыгында өткөрүлүүдө. Алгачкы этапта да окуучулар аралыктан окууга өткөн.
Онлайн-окутуу төмөнкү мектептерди камтыйт: №1, 4, 6, 9, 10, 11, 13, 20, 24, 29, 38, 39, 40, 47, 50, 55, 62, 63, 64, 65, 66, 68, 69, 70, 72, 73, 75, 84, 88, 93, 96, 100, 101, 102, 103.

