Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан Чоң Чүй каналына секирип кеткен кызды куткарып калган милиция кызматкери Талгарбек уулу Адиль көрсөткөн эрдиги жана жан аябастыгы үчүн сыйланды.
Эске салсак, 2026-жылдын 4-майында Бишкек шаарында Кайгуул милиция кызматынын кызматкери, милициянын кенже сержанты Талгарбек уулу Адиль Чоң Чүй каналына секирип кеткен кызды куткарууда кайраттуулук жана чечкиндүүлүк көрсөткөн. Окуяны көргөн милиция кызматкери тез арада сууга секирип, кызды жээкке чыгарып, кайгылуу окуянын алдын алган. Анын ыкчам аракетинин аркасында жарандын өмүрү сакталган.
Көрсөткөн кайраттуулугу, ыкчамдыгы жана кызматтык милдетине берилгендиги үчүн кызматкер Ички иштер министрлигинин жетекчилиги тарабынан сыйланды. Милиция кызматкерине сыйлыкты Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосунов тапшырды.
Мындай аракеттер чыныгы кесипкөйлүктүн жана кызматка берилгендиктин үлгүсү болуп саналат.

