Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Корея жана Кыргызстанды өнүктүрүү ассоциациясы тарабынан уюштурулган туруктуу айыл чарба жана өнөр жай көргөзмөсүнө катышты.
Бул көргөзмө Борбор Азиядагы жана дүйнөдөгү ушул форматтагы алгачкы көз карандысыз туруктуу көргөзмө аянтчаларынын бири болуп, Корея Республикасынын заманбап айыл чарба жана өнөр жай технологияларын бириктирет. Долбоордун негизги максаты — эл аралык кызматташууну өнүктүрүү, инновациялык технологияларды киргизүү, Кыргызстандын агроөнөр жай тармагын колдоо жана Кыргызстан, Корея Республикасы жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн компаниялары үчүн туруктуу ишкердик аянтчасын түзүү.
Көргөзмөнүн өнөктөштөрү жана демөөрчүлөрү катары «MOST PLUS» ЖЧК, Bio-Agro ЖЧК, Кореянын айыл чарба продукцияларын бөлүштүрүү корпорациясы, Борбор Азиянын үрөөнчүлөр ассоциациясы, ошондой эле агро-өнөр жай тармагындагы компаниялар катышты.
Көргөзмөнүн алкагында айыл чарба жана өнөр жай багытындагы алдыңкы технологиялар, жабдуулар, күнөскана чарбасы үчүн инновациялык чечимдер, продукцияны кайра иштетүү, сугат системалары, үрөөнчүлүк, экологиялык таза өндүрүш жана Корея Республикасынын өнөр жай секторунун технологиялары көрсөтүлдү.