21-майга карата аба ырайы


Бүгүн көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +25…+30, Талас менен Нарын регионунда +20…+25, Ысык-Көлдө +21…+26 градус жылуу болот.
Бишкекте күндүн экинчи жарымында, Ошто күндүз жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +26…+28, Ош калаасында +27…+29 градуска чамалап барат.