Алма жана Алмурут: жакшы түшүм кантип өстүрүү керек


🔰Бүгүн алма жана алмурут дарактарын өстүрүүдө туура кам көрүүнүн негизги эрежелери тууралуу айтып беребиз. Алма менен алмурут — роза гүлдүүлөр тукумуна (Rosaceae) кирген мөмөлүү дарактар. Учурда дарактар гүлдөп бүтүп, мөмөлөрү байлана баштаган мезгил. Бул учурда төмөнкү иштерге өзгөчө көңүл буруу зарыл:

1️⃣Сугарууну туура жүргүзүү:
Дарактын өсүшү жана мөмөнүн жакшы жетилиши үчүн сууну өз убагында берүү маанилүү. Айрыкча ысык күндөрү топурактын нымдуулугун көзөмөлдөө керек.
2️⃣Жер семирткич берүү (подкормка)
Мөмөнүн сапаттуу өсүшү үчүн пайдалуу азыктар талап кылынат. Ошондуктан органикалык жана минералдык жер семирткичтерди убагында берүү жакшы натыйжа берет.
3️⃣Илдеттерге жана зыянкечтерге каршы күрөш жүргүзүү
Алма менен алмурутка ар кандай зыянкечтер жана оорулар зыян келтирет. Көбүнчө чыгыш мөмө курту (восточная плодожорка), жалбырак жегич курттар, ошондой эле мучнистая роса жана парша оорулары көп кездешет. Булардын алдын алуу үчүн инсектициддер жана фунгициддер менен убагында дарылоо жүргүзүү зарыл.

📍Мындан тышкары, дарактарды тля да басып кетиши мүмкүн. Мындай учурда өсүмдүктүн иммунитетин көтөрүү үчүн гумин кычкылдарын колдонуп, инсектициддер менен кошо берүү жакшы жыйынтык берет.

🔻Дарылоо иштерин ар 10 күн сайын кайталап, жалпысынан 3 жолу жүргүзүү сунушталат. Ошондо оорулардын жана зыянкечтердин жайылышын алдын алууга болот.

Эң негизгиси — мөмө терүүгө 10 күн калганда бардык химиялык препараттарды колдонуу толугу менен токтотулушу керек.