Биринчи класска электрондук каттонун экинчи этабы 1-июнда башталат


Агартуу министрлиги 31-майда балдарды 1-класска электрондук кабыл алуунун биринчи этабы аяктай турганын эскертти. Бул этапта ата-энелер балдарын жашаган жери боюнча мектепке каттай алышат.

1-июнда саат 10:00дөн тарта кабыл алуунун экинчи этабы башталат. Бул учурда бош орундар болсо, балдарды микроучасткага карабастан мектепке каттоого болот. Өлкө боюнча 1-класска 192 250 орун каралган, учурда 71 987 бала кабыл алынып, 120 263 бош орун калды. Каттоо 1mektep.edu.gov.kg сайты, «Түндүк», MegaPay жана башка банктык тиркемелер аркылуу жүргүзүлөт.