2026-жылдын март айына карата балдардын кылмышка катыштыгы боюнча статистикалык көрсөткүчтөр


Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Укуктук статистика чөйрөсүндө мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө жана маалыматтык технологиялар Башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын март айына карата — 236 бала кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

— 2025-жылдын март айына карата – 398 бала кылмыш жоопкерчилигине тартылган

Салыштырмалуу 162 балага азайган. Бул көрсөткүчтөрдү аймактарга бөлүп караганда:

Бишкек шаары  96, Ош шаары 18, Чүй областы 29, Ысык-Көл областы 11, Нарын областы 4, Ош областы 11, Жалал-Абад областы 38, Талас областы 19, Баткен областы 10.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин беренелерине бөлүп караганда:

130-бер. 131-бер. 154-бер. 155-бер. 157-бер. 172-бер. 205-бер. 206-бер. 207-бер. 208-бер. 209-бер. 209-1-бер. 205-1-бер. 211-бер. 280-бер. 312-бер. Башка беренелер
5 7 4 2 1 3 79 36 3 9 25 6 12 24 10 2 8

Тергөө амалдарынын жыйынтыгы менен кабыл алынган чечимдер:

— 125 балага карата кылмыш иштери Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 27-бер. 1-бөл. менен өндүрүштөн кыскартыган;

— 111 балага карата кылмыш иштери соттук кароого жиберилген.

2026-жылдын март айына карата балдарга карата жасалган кылмыштар боюнча статистикалык көрсөткүчтөр

  • 2026-жылдын март айына карат балдарга карата 350 кылмыш жасалган.
  • 2025-жылдын март айына карата балдарга карата 388 кылмыш жасалган.

Салыштырмалуу 38 фактыга азайган.

Балдарга карата жасалган кылмыштарды аймактарга бөлүп көрсөткөндө:

  • Бишкек шаары 93,
  • Ош шаары 53,
  • Чүй областы 39,
  • Ысык-Көл областы 41,
  • Жалал-Абад областы 55,
  • Ош областы 37,
  • Баткен областы 16,
  • Талас областы 8,
  • Нарын областы 8.

Балдарга карата жасалган кылмыш иштери боюнча жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын жыйынтыктары:

  • 167 кылмыш иши соттук кароого жиберилген;

— 68 кылмыш иши Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 27-бер. 1-бөл. негизинде өндүрүштөн кыскартылган;

— 23 кылмыш иши Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 246-бер. 1-бөл. негизинде өндүрүштөн токтотулган;

— 92 кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Балдарга карата жасалган кылмыштарды категорияларга бөлгөндө:

  • Өзгөчө оор – 15%,
  • Оор -21%,
  • Анча оор эмес – 57%,
  • Коркунучтуулугу аз – 7%.