Бүгүн өлкө аймагында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +23…+28, Таласта +24…+26, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +24…+29, Ысык-Көл, Нарын региондорунда +18…+23 градуска жетет.
Бишкекте +25…27, Ош шаарында +27…+29 градус ысыйт. Эки калаада өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

