Кыргызстан менен Кытайдын медиакызматташтыгын бекемдөөгө арналган “Кыргыз-кытай медиафоруму» өттү


Кыргызстан менен Кытайдын медиакызматташтыгы бекемделет. “Кыргыз-кытай медиафорумунда” “Кыргыз Туусу” маалымат-басма үйү менен “Жэньминь жибао” гезити өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу меморандумуна кол койду. Эми эки өлкөнүн басылмалары мындан ары ар тараптуу кызматташууну кеңейтет.

 

    

Эске салсак, бүгүн Бишкекте ШКУ алкагындагы өлкөлөрдүн ЖМК кызматташтыгын өнүктүрүүгө арналган медиафорум өттү. Форумду “Жэньминь жибао” гезити жана “Кыргыз Туусу” маалымат-басма үйү уюштурду.
Иш-чарада заманбап медиа, санариптик коммуникация жана маалыматтык өнөктөштүк боюнча талкуулар болду.