Бангладеште Дональд Трамп аттуу ак буйвол курмандыкка чалынуудан аман калды


Бангладеште Курман айт майрамында курмандыкка чалына турган «Дональд Трамп» каймана аттуу ак буйвол (альбинос) өлүмдөн кутулду. Бул тууралуу Тенгри Лайв жазды. Аталган  жаныбарга АКШнын мурдагы президентинин чач жасалгасына окшош өзгөчө жүнүнөн улам ушундай ат коюшкан.

Буйволду майрамда курмандыкка чалууну пландап жатышкан, бирок анын сүрөттөрү интернетке тарап, тез эле вирустук поп-хитке айлангандан кийин коомчулуктун көңүлүн бурган. Натыйжада бул ишке өлкө өкмөтү киришүүгө мажбур болду.

Ички иштер министри жаныбарды тирүү калтыруу буйругун берип, ал эми аны курмандыкка чалуу үчүн сатып алган кишиге акчасын кайтарып берүүнү тапшырды. Эми бул атактуу буйвол Даккадагы улуттук зоопаркка өткөрүлүп берилет.