Өзбекстандан Кыргызстанга келе жаткан 21 тонна дарбыз өлкөгө киргизилбей, кайра артка кайтарылды. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, 28-майда «Достук» өткөрмө пунктунда жүк фитосанитардык көзөмөлдөн өткөн.
Текшерүүнүн жыйынтыгында продукциянын таңгагында милдеттүү маркировка жок экени аныкталган. Мекеме бул ЕАЭБдин карантиндик фитосанитардык талаптарын бузуу болуп саналарын билдирди. Натыйжада жүктү Кыргызстанга киргизүүгө тыюу салынып, дарбыздар Өзбекстанга кайтарылды.

