Кыргызстан эл аралык издөөдө жүргөн жаранды Францияга экстрадициялады


Кыргызстан эл аралык издөөдө жүргөн чет өлкөлүк жаранды Францияга өткөрүп берди. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, экстрадиция БУУнун Трансулуттук уюмдашкан кылмыштуулукка каршы конвенциясынын негизинде жүргүзүлдү.

Франциянын укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, аталган жаран кылмыштуу топтун курамында чет элдиктердин Францияга жана Шенген аймагына мыйзамсыз кирүүсүнө көмөктөшкөн деп шектелүүдө. Экстрадицияны КР Башкы прокуратурасы жана Интерполдун Улуттук борбордук бюросу ишке ашырды. Мекеме кылмыш жоопкерчилигинен качып жүргөн адамдарды издөө жана экстрадициялоо боюнча чет мамлекеттер менен кызматташууну улантарын билдирди.