Урмат Бекболиев үй камагынын шарттарын бузган деген айып менен камакка алынды


Ырчы Анжеликанын мурдагы жолдошу Урмат Бекболиев үй камагынын шарттарын бузган деген айып менен 1-июнда камакка алынган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, Бекболиев Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилген.

Бул боюнча азырынча Ички иштер министрлигинен же Тергөө кызматынан эч кандай расмий комментарийлер боло элек.

Урмат Бекболиев ишкер жана «Урмат Авто Трейд» автосалонунун ээси катары белгилүү.

13-майда Бишкек шаардык соту Бекболиевдин бөгөт чарасын карап, үй камагына чыгарганы, ал өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык беренеси боюнча шектелип жатканы маалымдалган.