УКМК Бишкектеги кулагы начар уккан балдардын мектеп-интернатына майрам тартуулады


Бүгүн, 1-июнда КР УКМК Бишкек шаарындагы угуусу начар жана кеч дүлөй болгон балдардын №21 мектеп-интернатынын тарбиялануучулары үчүн майрамдык иш-чара уюштурду.

Майрамдык программанын алкагында балдарга таттуулар таратылып, аниматорлордун катышуусунда кызыктуу шоу-программа көрсөтүлдү. Ошондой эле мекемеге 200 комплект идиш-аяк топтому, спорт залы үчүн керектүү спорттук шаймандар жана башка белектер тапшырылды.