Ошто аялына кайнаган вареньени чачып жиберип, качып жүргөн жаран кармалды


Облустук милиция окуя 9-мартта болгонун кабарлады. Үй-бүлөлүк жаңжал учурунда 43 жаштагы киши жубайына кайнап турган варенье чачып жиберген. Натыйжада аял денесинен жаракат алып, ооруканага жаткырылган.

Окуядан кийин шектүү тергөө иштерине келбей, из жашырып жүргөн. Ага карата айып тагылып, сырттан камакка алуу бөгөт чарасы тандалган.