Бүгүн күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Талас облусунда 23…28, Ысык-Көл жеринде 19…24, Нарын өрөөнүндө 17…22, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 24…29 градус жылуу болот.
Абанын табы Бишкек жана Ош шаарларында 26…28 градусту түзөт.

