Ысык-Көлдө сейрек кездешүүчү турна уялап, балапан чыгарды


Ысык-Көлдүн тарыхында алгачкы жолу катардагы турнанын биринчи уя салуусу орун алды.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына ылайык, 19-апрелде корукчу А. Калчаев Ысык-Көл мамлекеттик жаратылыш коругунун Жети-Өгүз корукчасындагы саздан катардагы турнанын уясын тапкан. Ал эми 24-май күнү ошол эле аймактан эки балапандуу жуп турналар кездешкен.

Учурда корукчулар куштарды коргоп, көзөмөлдөп жатышат.

Белгилей кетсек, буга чейин өлкө тарыхында 1958-жылы гана катардагы турнанын уя салуусу Чүй өрөөнүндө катталган.