Нью-Делидеги мейманканадан өрт чыгып, 3 кыргызстандык каза болду


ТИМдин маалыматы боюнча, шаардагы Florist Inn мейманканасында бүгүн, 3-июнда, кырсык болуп, жалпы 21 адам көз жумган.

Маркум кыргызстандыктар 76, 50 жана 23 жашта болушкан. Мейманканадагы чет элдик жарандардын көбү Нью-Делидеги медициналык мекемелерде дарылануу үчүн барышкан.

Кыргызстандын Индиядагы элчилиги учурда каза болгон мекендештердин сөөгүн мекенине жеткирүү маселелерин карап жатат.