Сүйүнчү! Кыргызстан БУУнун Коопсуздук Кеңешине мүчө болуп шайланды


Кыргызстан өз тарыхында алгачкы жолу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук Кеңешинин 2027–2028-жылдарга карата туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланды. Нью-Йорктогу БУУнун штаб-квартирасында өткөн бул шайлоо өлкөбүз үчүн чоң дипломатиялык жеңиш менен аяктады.

Азия-Тынч океан чөлкөмүнөн бөлүнгөн бир орун үчүн Кыргызстан Филиппин мамлекети менен катуу тирешти. Жеңишке жетүү үчүн БУУга мүчө мамлекеттердин кеминде үчтөн эки бөлүгүнүн колдоосун алуу шарт болчу. Бул жолку добуш берүүгө 191 өлкө катышкандыктан, босого деңгээл 129 добушту түздү. Талапкерлердин упайлары тең чыгып, тирешүү 4 раундга чейин созулду. Жыйынтыгында Кыргызстан 142 добуш топтоп, тарыхый жеңишти камсыз кылды.

Бул кубанычтуу кабар менен мамлекет башчысы Садыр Жапаров кыргызстандыктарды куттуктады. Президент бул окуянын өлкө үчүн мааниси зор экенин белгиледи.

«Биз БУУнун жаңы тарыхын жазууга катышабыз. Мекендештерим, куттуктайм!» — деп билдирди Садыр Жапаров.