4-июнга карата аба ырайы


Бүгүн, 4-июнда, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт. Чүй облусунун айрым жерлеринде да жаан-чачын күтүлөт, ал эми бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, Ош, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Бишкекте күндүз абанын температурасы 29…31°C чейин жетет.

• Чүй облусу: түнкүсүн 13…18°C, күндүз 27…32°C
• Талас облусу: түнкүсүн 11…16°C, күндүз 24…29°C
• Ош облусу: түнкүсүн 14…19°C, күндүз 27…32°C
• Жалал-Абад облусу: түнкүсүн 14…19°C, күндүз 27…32°C
• Баткен облусу: түнкүсүн 14…19°C, күндүз 27…32°C
• Ысык-Көл облусу: түнкүсүн 7…12°C, күндүз 19…24°C;
• Нарын облусу: түнкүсүн 7…12°C, күндүз 17…22°C
• Бишкек: түнкүсүн 16…18°C, күндүз 29…31°C