Кыргызстанда медициналык 13 жогорку окуу жай мамлекеттик аккредитациядан өтпөй калды


Алардын катарында «Авиценна» эл аралык медицина университети, АДАМ университети, Роэль Метрополитен университети, Альтамими эл аралык университети, «Ала-Тоо» эл аралык университети, Эл аралык медицина университети, Кыргыз медициналык-стоматологиялык институту, Салымбеков университети, Евразия эл аралык университети, Бишкек эл аралык медициналык институту, Медицина жана илим эл аралык университети, Борбордук Азия эл аралык медицина университети, Ош эл аралык медицина университети бар.

Бул ЖОЖдор эми студенттерди окутуп, диплом бере албайт. 6 жылдык аккредитацияны болгону 4 университет алды, ал эми дагы 7 университетке 1 жылдык гана аккредитация берилди.

Саламаттыкты сактоо министрлиги текшерүүдө окутуучулар курамы, клиникалык базалар жана материалдык-техникалык ресурстар негизги критерий болгонун белгиледи. Ал эми учурда аларда билим алып жаткан студенттер аккредитациясы бар башка медициналык окуу жайларга которуларын кошумчалашты.