Бүгүн республиканын көпчүлүк аймактарында жамгыр жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +26…+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +25…+30, Таласта +23…+28, Ысык-Көлдө +18…+23, ал эми Нарында +16…+21 градус ысык болот.
Бишкекте күндүз, Ошто түнкүсүн мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Термометрдин көрсөткүчү Бишкек менен Ош калаасында +27…+29 градуска жетет.

