Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кадамжай районундагы Нургазиев каналынын модернизациялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Долбоор Дүйнөлүк банктын колдоосу менен суу чарба кызматтарынын климаттын өзгөрүшүнө туруктуулугун жогорулатуу программасынын алкагында ишке ашырылууда. Учурда объектте курулуш иштери жүргүзүлүп жатат. Модернизациялоо аяктагандан кийин каналдын суу өткөрүү мүмкүнчүлүгү секундасына 7,5 куб метрден 8 куб метрге чейин көбөйөт.
Таанышуу иштеринин жыйынтыгында Эрлист Акунбеков курулуш иштеринин сапаттуу жана өз убагында аткарылышын камсыздоону, курулуш графигинин сакталышын көзөмөлдөөнү күчөтүүнү жана долбоорду белгиленген мөөнөттө бүтүрүү үчүн бардык зарыл чараларды көрүүнү тапшырды.
Посмотреть эту публикацию в Instagram

