Сырт өрөөнүндө кар жаап, малчыларга азык-түлүк жана тоют жеткирилди. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, Сырт өрөөнүнүн Кара-Сай аймагында түшкөн кардын калыңдыгы 15-20 сантиметрге жетип, мал-жандыктарга кыйынчылык жаралган.
Мындан улам тиешелүү кызматтар жергиликтүү тургундардан кабар алып, азык-түлүк, 335 түк чөп жеткиришти.

