Ысык-Көлдө селден кийин дайынсыз болгон өспүрүмдүн сөөгү табылды


Окуучу Булан-Соготту айылынан сел алып келген ылай-топурактын арасынан табылган.

Эскерте кетсек, өткөн жумада Балыкчы — Каракол жолунда жүргөн селдин кесепетинен 18 жаштагы жигит көз жумуп, өспүрүм изделип жаткан.