Алмаз Ажыгулов УКМК төрагасынын орун басары болду


Алмаз Ажыгулов УКМК төрагасынын орун басары – УКМКнын Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборунун директору болуп дайындалды.

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, Ажыгулов Алмаз Алиаскарович Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборунун директору болуп дайындалды.

Президенттин дагы бир Жарлыгы менен бул кызматты буга чейин аркалап келген Уранбек Шадыбеков кызматынан бошотулган.