Филиппиндин түштүгүндө катуу жер титирөө болуп, каза тапкандар 15ке жетти


Бүгүн, 8-июнда, таңга маал Филиппиндин Минданао аралынын жээгинде күчү 7,8 баллга жеткен жер титирөө болду. Алдын ала маалымат боюнча, кырсыктан 15 адам каза болуп, дагы 129 киши жаракат алды. Жабыркагандардын көбү урандылардын кесепетинен жаракат алган.

Жер титирөөдөн кийин Филиппиндин түштүгүндө, Индонезиянын түндүгүндө жана Малайзиянын Сабах штатында цунами коркунучу жарыяланган. Султан-Кударат жана Сарангани провинцияларында бийиктиги бир метрге жеткен толкундар катталган. Жер титирөөнүн очогу Саранганиден 20 чакырым алыстыкта жайгашкан, силкинүү Индонезиянын Манадо шаарында да сезилген. Учурда тиешелүү кызматтар зыянды баалап жатат.