Таласта уруксат кагаздары жок иштеп жаткан мечит жабылды


Диний кызматкерлердин жана салттуу эмес диний агымдардын өкүлдөрүнүн укукка каршы аракеттерин аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган контрчалгындоо иш-чараларынын алкагында, КР УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгы тарабынан Талас районунун Орто-Арык айылында жайгашкан «Даарул-Хулд» мечитинин мыйзамсыз иштеп жаткан фактысы аныкталды.

Жүргүзүлгөн тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө «Даарул-Хулд» мечити чет элдик демөөрчүлөрдүн каржылык колдоосу менен, эч кандай тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок курулгандыгы такталган.

КРнын «Тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» Мыйзамына ылайык, аныкталган кемчиликтер боюнча акт түзүлүп, КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 142-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык КР жараны «Б.И.Мге» 200 эсептик көрсөткүч (20 000 сом) өлчөмүндө айып пул салуу менен тиешелүү протокол толтурулду. Коопсуздукту камсыздоо жана мыйзамсыз аракеттерге бөгөт коюу максатында «Даарул-Хулд» мечитине мөөр басылып, жабылды.