9-июнга карата аба ырайы


Бүгүн өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +33…+38, Талас облусунда +28…+33, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +31…+36, Таласта +27…+32, Ысык-Көлдө +16…+21, ал эми Нарын регионунда +22…+27 градусту көрсөтөт.
Бишкек жана Ош шаарларында күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Эки калаада тең күн +34…+36 градуска чейин ысыйт.