1-январдан баштап окуучунун бир күндүк тамак-ашы үчүн 40 сом бөлүнө баштайт. Тиешелүү чечимди Садыр Жапаров кабыл алды.
Азыркы учурда 4-класска чейинки ар бир окуучунун тамактануусу үчүн күнүнө 14 сом бөлүнөт.
Каржылоо ченемин 40 сомго чейин жогорулатуу эт жана балык тамактарын, сүт азыктарын рационго көбүрөөк кошууга, жашылча-жемиштердин ассортиментин кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.

