11-июнга карата аба ырайы


Бүгүн күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Талас облусунда 24…29, Ысык-Көл жеринде 17…22, Нарын өрөөнүндө 18…23, Чүйдө 27…32, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 28…33 градус жылуу болот.
Абанын табы Бишкекте 28…30, Ош шаарында 30…32, Чолпон-Ата калаасында 18…20 градуска жетет.