TRT Hindustan Times гезитинин маалыматына таянып, Андхра-Прадеш штатындагы «Маха Шиваратри» фестивалына бара жаткан адамдардын тобу токойдо пилдердин кол салуусуна учураганын жазды.
Пилдердин астында калган 5 адам окуя болгон жерде каза таап, жаракат алгандар ооруканага жеткирилди.
Жабыркагандардан эки кишинин абалынын оор экендиги айтылды.

