Өлкөнүн негизги трассаларынын жээктери тазаланып, жол боюндагы күркөлөр бирдей дизайнда болот


Минкаб башчысы аппараттык жыйында тандалма мониторинг жол боюндагы объектилер талапка жооп бербей турганын аныктаганын айтты.

“Жол жээктери — мамлекеттин жүзү. Бул маселени бир жолку акциялар менен эмес, туруктуу көзөмөл жана тартип аркылуу чечүү керек”, — деди Адылбек Касымалиев.

Натыйжада өкмөт башы Транспорт министрлигине жол боюндагы объектилерди жайгаштыруунун эрежелерин иштеп чыгууну тапшырды. Ал эми Курулуш министрлиги алар үчүн бирдиктүү эскиздерди даярдайт.